# 245-берене. Тобокелдиктерди башкаруу системасы

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-245>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-245.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 245-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-245

---

1. Тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуунун стратегиясы жана тактикасы, маалыматтарды топтоонун, иштеп чыгуунун, тобокелдиктерди талдоонун жана баалоонун, тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.

2. Тобокелдиктин белгиленген профилдеринде камтылган маалыматтарды бажы органдары тарабынан колдонуунун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан регламенттелет.

3. Тобокелдиктин белгиленген профилдеринде камтылган, жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтар ачыктоого (жайылтууга) же үчүнчү жактарга, анын ичинде ушул Мыйзамдын 6-беренесинде белгиленген учурларды кошпогондо, мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилбейт. Мындай маалыматты өткөрүп берүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

---

Мурунку берене: [244-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-244)  
Кийинки берене: [246-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-246)
