# 242-берене. Шарттуу чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-242.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 242-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-242

---

1. Шарттуу чыгарылган товарлар болуп Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 200-берененин 1-пунктунда белгиленген учурларда чыгарылган товарлар, ошондой эле төмөнкү товарлар эсептелет:

1) убакыттын белгиленген мезгилинде, куралбаган же ажыратылган түрдө, анын ичинен комплект эмес же аяктабаган түрдө өзүнчө товардык партиялар менен киргизилген товардын компоненттери;

2) бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган (анын ичинде товарларды бажы кампасына иш жүзүндө жайгаштырбастан), алымсыз сооданын, бажы аймагында кайра иштетүүнүн, ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн, убактылуу киргизүүнүн (уруксат кылуунун), реэкспорттун, бажылык транзиттин, жок кылуунун бажылык жол-жоболоруна, Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген товарларга колдонулуучу атайын бажылык жол-жобого жайгаштырылган товарлар;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган учурларда башка товарлар.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн товардын компоненттерин үчүнчү жактарга берүүгө, анын ичинде аларды сатуу же башка ыкмаларда ажыратуу жолу менен өткөрүп берүүгө тыюу салынат жана алар билдирилген бажылык жол-жобого ылайык товарды чыгаруу жөнүндө бажы органы тарабынан чечим кабыл алынганга чейин шарттуу чыгарылган болуп эсептелет.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн товарлар аларга Бажы бирлигинин товары статусу берилгенге чейин, иш жүзүндө жок кылынганга чейин же мамлекеттин пайдасына баш тартылганга чейин шарттуу чыгарылган болуп эсептелет.

---

Мурунку берене: [241-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-241)  
Кийинки берене: [243-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-243)
