# 23-берене. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө (киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө) чечим

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 23-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-23

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди документтерди кароонун мөөнөтүн кошуп алганда аны кабыл алуу үчүн зарыл болгон бардык документтер катталган күндөн тартып он беш күндөн кечиктирбестен кабыл алат. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечим чыгаруудан төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн:

1) эгерде ушул главага ылайык талап кылынуучу бардык документтер жана маалыматтар берилбесе;

2) арыз берүүчү ушул Мыйзамдын 22-беренесинде каралган шарттарды сактабаса.

Арыз берүүчү ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарына ылайык баш тартууга негиз болгон кемчиликтерди жойгон учурда арыз жалпы негиздерде каралат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз берүүчүгө кабыл алынган чечим жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү.

Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуу тууралуу кабарлоо баш тартуунун себебин көрсөтүү менен арыз берүүчүгө же анын өкүлүнө жазуу жүзүндө жиберилет (тапшырылат).

3. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүүдөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын баш тартуусу ушул Мыйзамдын XI бөлүмүндө белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-24)
