# 226-берене. Убактылуу бажылык декларациялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-226>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-226.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 226-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-226

---

1. Өткөргүч куур транспорту же электр берүү линиялары боюнча алып өтүлүүчү товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүдө товарларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте убактылуу бажылык декларацияны берүү жолу менен декларациялоого жол берилет. Иш жүзүндө товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кеткенден кийин декларант бажы органы белгилеген мөөнөттө толук жана талаптагыдай толтурулган бажылык декларацияны берүүгө милдеттүү.

2. Убактылуу декларацияда белгилүү бир убакыттын ичинде болжолдуу сандагы товарларды алып чыгуу ниетине жараша, бажы чек арасы аркылуу алып өтүүгө пландаштырылган товарлардын санына жана (же) тышкы экономикалык бүтүмдүн шарттарында товардын баасын аныктоо тартибине, ошондой эле товардын болжолдуу сапатына ылайык аныкталуучу шарттуу бажылык наркка (баага) жараша маалыматтарды билдирүүгө жол берилет.

Убактылуу бажылык декларацияны колдонууда экономикалык мүнөздөгү тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары бажы органы бул декларацияны кабыл алган күнгө карата колдонулат.

---

Мурунку берене: [225-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-225)  
Кийинки берене: [227-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-227)
