# 220-берене. Товарларды декларациялоочу жактар

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-220>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-220.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 220-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-220

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан юридикалык жак, жеке ишкер катары катталган жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жеке жак, ошондой эле Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 186-беренесинин 1-пунктчасында каралган белгилерге ээ болгон, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жеке жак товарлардын декларанты боло алат.

2. Бажы транзитинин бажылык жол-жобосунда товарлардын декларанты болуп Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 186-беренесинин 3-пунктчасында каралган белгилерге ээ жактар эсептелет.

3. Товарларга декларацияны берүүдө чет өлкөлүк жак Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 186-беренесинин 2-пунктчасында каралган учурларда гана декларант болууга укуктуу.

4. Бажылык декларациялоодо жана товарларды бажылык жол-жобого жайгаштыруу үчүн зарыл болгон башка бажы операцияларын жүргүзүүдө декларанттын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги тийиштүү түрдө Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 187-189-беренелеринде белгиленген.

5. Товарларды декларациялоодо жана башка бажы операцияларды жүргүзүүдө бажылык өкүл декларант ээ болгон укуктарга ээ болот.

---

Мурунку берене: [219-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-219)  
Кийинки берене: [221-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-221)
