# 218-берене. Товарларга декларацияны берүүнү жазуу

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-218>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-218.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 218-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-218

---

1. Бажы органы товарларга декларацияны берүү датасын жана убактысын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жазууга милдеттүү. Товарларды электрондук түрдө декларациялоодо товарларга декларацияны берүү датасын жана убактысын жазуу жана декларантка же бажылык өкүлгө көрсөтүлгөн дата жана убакыт жөнүндө маалыматты камтыган электрондук билдирүүнү берүү бажы органдарынан электрондук системасына мындай декларация түшкөндө автоматтык түрдө жүзөгө ашырылат.

2. Декларанттын же бажы өкүлүнүн талабы боюнча бажы органы, товарларга декларацияны электрондук түрдө, аталган декларацияны берүүнүн датасын жана убактысын программалык каражаттар аркылуу тастыктоого мүмкүндүк берген ыкмада берген учурларды кошпогондо, товарларга декларацияны берүүнүн датасы жана убактысы жөнүндө ырастоону жазуу жүзүндө берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [217-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-217)  
Кийинки берене: [219-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-219)
