# 217-берене. Товарларды декларациялоочу жер

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-217>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-217.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 217-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-217

---

1. Товарларга бажылык декларация бажылык декларацияны кабыл алууга укуктуу болгон кандай гана болбосун бажы органына берилиши мүмкүн. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы мыйзамдарынын сакталышына контролдун натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл чара болуп саналган учурларда гана товарлардын айрым категорияларын декларациялоо үчүн айрым бажы органдарын белгилөөгө укуктуу. Мында соода жана транспорт уюмдарынын таламдары эсепке алынууга тийиш.

2. Товарларга декларация башка бажы органына берилген учурда бажы органы Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 190-беренесинин 4-пунктуна ылайык мындай декларацияны каттоодон баш тартат.

---

Мурунку берене: [216-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-216)  
Кийинки берене: [218-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-218)
