# 213-берене. Ушул главаны колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-213>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-213.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 213-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-213

---

1. Товарларды бажылык жол-жобого жайгаштырууга байланышкан бажы операциялары Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 26-главада, ушул Мыйзамда жана буга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана шарттарда жүргүзүлөт.

2. Товарларды бажылык жол-жобого жайгаштырууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жана технологиясы бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлардын түрүнө, мындай которуштурууга пайдаланылуучу транспорттун түрүнө, ошондой эле товарларды өткөрүүчү жактардын категорияларына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

3. "Интернет" эл аралык ассоциация тармагын колдонуу менен товарларды электрондук формада декларациялоодо бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте белгиленет.

---

Мурунку берене: [212-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-212)  
Кийинки берене: [214-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-214)
