# 209-берене. Бажы төлөмдөрү боюнча үмүтсүз карыздарды жоюу

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-209>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-209.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 209-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-209

---

Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыз, төмөндөгүдөй учурларда үмүтсүз карыз болуп таанылат:

1) бажы төлөмдөрү аларды төлөө мөөнөтү бүткөн күндөн же жактардын бажы төлөмдөрүн төлөө милдети башталган окуя болгон күндөн тартып алты жылдын ичинде төлөнбөсө;

2) жеке жак каза болгондо анын укук улантуучусу же мураскору жок болсо;

3) жеке жак дайынсыз жок болду же аракетке жөндөмсүз деп табылса, ошондой эле анын мүлкү жок же жетишсиз болсо;

4) төлөөчү кудуретсиз (банкрот) деп табылса;

5) өзүнчө мыйзам менен кабыл алынган бажы төлөмдөрү боюнча карыз жоюлса.

Аталган учурларда бажы төлөмдөрү боюнча карыз Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жоюлат.

---

Мурунку берене: [208-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-208)  
Кийинки берене: [210-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-210)
