# 206-берене. Төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-206>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-206.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 206-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-206

---

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап аткарылбаган учурларда, бажы органдары төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүн талап кылынбаган депозиттин чыгымдалбаган калдыгынын эсебинен же төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен өндүрүп алууга укуктуу.

2. Депозиттин суммасынан өндүрүп алуу бул каражаттар бажы органынын эсебинде сакталган мөөнөттүн ичинде, бажы органынын жетекчисинин же анын орун басарынын чечими боюнча жүргүзүлөт. Депозиттин эсебинен бажы төлөмдөрүнүн суммаларын өндүрүп алуу жөнүндө бажы органы бул каражаттарды ушул органдын эсебине салган жакка, өндүрүп алгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирет.

3. Төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [205-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-205)  
Кийинки берене: [207-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-207)
