# 205-берене. Бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июня 2017 года № 99 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111610)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436#diff=947645..947646>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 205-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-205

---

1. Ушул Мыйзамда каралган учурларда бажы органдары бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын эсебинен, эгерде бул товарлар ушул Мыйзамда белгиленген тартипке ылайык ички керектөө үчүн чыгарылбаган болсо, бажы төлөмдөрүн өндүрүп алууга укуктуу.

2. Бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жооптуу жакты бажы органдары таппай калган учурда гана бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талапты жөнөтпөстөн бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алууга жол берилет.

3. Бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу, товарларды алып коюу же аларга карата башка аракеттер Кыргыз Республикасынын салык жөнүндөгү мыйзамдарында, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жүргүзүлөт.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [204-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-204)  
Кийинки берене: [206-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-206)
