# 201-берене. Бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуунун жалпы эрежелери

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-201>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-201.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 201-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-201

---

1. Бажы төлөмдөрү белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн же толук эмес төлөнгөн учурда бажы органдары ушул главада аныкталган тартипте бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алат.

2. Мажбурлап өндүрүп алуу бажы төлөмдөрүн төлөөгө жооптуу жактарга карата жүргүзүлөт жана ушул главага ылайык ишке ашырылат.

3. Бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу боюнча чаралар колдонулганга чейин бажы органы аларды төлөө үчүн жооптуу жакка бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап коет.

4. Бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлбөйт:

1) эгерде бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап аларды төлөө мөөнөтү аяктаган күндөн тартып же ушул Мыйзамга ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөгө жактын милдеттерин пайда кылган окуя башталган күндөн тартып алты жылдын ичинде коюлбаса;

2) эгерде бир бажылык декларацияда көрсөтүлгөн товарларга же бир алуучунун дарегине бир эле убакта бир эле жиберүүчү тарабынан жиберилген товарларга карата бажы төлөмдөрүнүн төлөнбөгөн суммаларынын өлчөмү 3500 сомдон аз болсо.

---

Мурунку берене: [2001-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-2001)  
Кийинки берене: [202-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-202)
