# 2-берене. Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жана бажы иши

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 2-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-2

---

1. Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу - бул, Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу Кыргыз Республикасында товарларды которуштурууга, аларды бажылык контролдоо менен Бажы бирлигинин бирдиктүү бажы аймагы (мындан ары - Бажы бирлигинин бажы аймагы) боюнча ташууга, аларды бажылык жол-жобосуна ылайык убактылуу сактоого, бажылык декларациялоого, чыгарууга жана пайдаланууга, бажы контролун жүргүзүүгө, бажы төлөмдөрүн төлөөгө байланышкан мамилелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын (мындан ары - бажы органдары) жана жогоруда көрсөтүлгөн товарларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашыруучу жактардын ортосундагы бийликтик мамилелерди укуктук жөнгө салуу.

2. Бажы иши Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарын сактоону камсыз кылуучу каражаттардын жана методдордун жыйындысын билдирет.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-3)
