# 199-берене. Бажы органынын эсебине акча каражатын салуу (депозит)

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-199>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-199.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 199-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-199

---

1. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары бажы органынын эсебине же кассасына акча каражаттарын салуу (депозит) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен жүргүзүлөт.

Депозиттин суммасына пайыздар чегерилбейт.

2. Депозит менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылбаганда, төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн, туумдун жана пайыздардын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине депозиттин суммасынан чегерилет.

3. Депозит менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылганда, төлөнгөн акча каражаттары ушул Мыйзамдын 42-главасына ылайык же төлөөчүнүн каалоосу боюнча кайра кайтарылууга, бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн пайдаланылууга, келечектеги бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине же бажы органдарынын алдындагы башка милдеттенмелер боюнча бажы төлөмүн камсыз кылууга берилүүгө жатат.

4. Депозиттин салынгандыгын ырастоо иретинде, бажы органынын эсебине же кассасына акча каражаттарын салган жакка депозиттик сертификат берилет, анын формасы жана пайдаланыш тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [198-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-198)  
Кийинки берене: [200-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-200)
