# 198-берене. Банк кепилдиги

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-198>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-198.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 198-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-198

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзүүчү банктардын жана башка насыялык уюмдардын реестрине киргизилген банктар, кредиттик уюмдар же камсыздандыруу уюмдары берген банк кепилдиктерин бажы органдары бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары кабыл алат.

2. Банктарды, башка насыялык уюмдарды жана камсыздандыруу уюмдарын банктардын жана башка насыялык уюмдардын Реестрине киргизүүнүн тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускамада белгиленет.

Берилген кепилдиктердин шарттары сакталбаганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдары башкача таризде бузулганда банктар, башка насыялык уюмдар жана камсыздандыруу уюмдары Реестрден чыгарылышы мүмкүн.

3. Банк кепилдиктерин берүүгө, банк кепилдиги боюнча талаптарды коюуга, кепилдик берүүчүнүн өз милдеттенмелерин аткаруусуна жана банктык кепилдиктерди токтотууга байланышкан укуктук мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын жоболору колдонулат.

---

Мурунку берене: [197-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-197)  
Кийинки берене: [199-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-199)
