# 197-берене. Мүлктү күрөөгө коюу

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-197>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-197.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 197-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-197

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарына ылайык күрөөнүн предмети болуп мүлк эсептелет, буга төмөнкүлөр кирбейт:

1) Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары турган мүлк;

2) үчүнчү жактын пайдасына мурдагы ушундай милдеттемени же башка бир милдеттемени камсыздоо үчүн коюлган мүлк;

3) бат бузулууга жаткан товарлар, жаныбарлар;

4) электр, жылуулук энергиялары, энергиянын башка түрлөрү;

5) ишкана;

6) мүлктүк укуктар;

7) жүгүртүүдөгү товарларга коюлган күрөө;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эркин сатууга тыюу салынган өндүрүш продукциялары жана калдыктары;

9) өндүрүп алууга алынуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечими боюнча жүргүзүлүүчү мүлк.

2. Күрөө бажы органы жана күрөө коюучунун ортосундагы келишим менен таризделет. Күрөө коюучу болуп бажы төлөмдөрүн төлөөгө милдеттүү жак же башка кайсы болбосун жак боло алат.

3. Бажы органынын алдында күрөө коюу менен камсыздалган милдеттенмелер аткарылбаганда, бажы төлөмдөрү боюнча карыздын суммасы бажы органы тарабынан коюлган күрөөнүн эсебинен республикалык бюджетке которулат.

4. Күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [196-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-196)  
Кийинки берене: [198-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-198)
