# 196-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун ыкмалары

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июня 2017 года № 99 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111610)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436#diff=947645..947646>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-196>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-196.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 196-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-196

---

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө төмөнкү ыкмалар менен камсыз кылынат:

1) товарларды жана башка мүлктү күрөөгө коюу;

2) банктык кепилдиктер (гарантиялар);

3) бажы органынын эсебине акча каражатын салуу (депозит);

4) кепилдик алуу.

5) камсыздандыруу келишими.

2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кайсы болбосун ыкма менен бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу бул ыкманы бажы органы ишеничтүү деп тааныган шартта жүргүзүлөт.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу ыкмасы бажы өкүлдөрү, убактылуу сактоо кампаларынын ээлери, бажы кампаларынын ээлери, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери жана бажы ташуучулары катары бажы иши чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашырган жактардын реестрине киргизүүдө колдонулат.

4. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылууну колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [195-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-195)  
Кийинки берене: [197-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-197)
