# 195-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун жалпы шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-195>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-195.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 195-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-195

---

1. Бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыз кылуунун жалпы шарттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 12-главасында аныкталат.

2. Бажы төлөмдөрүн, салыктарды төлөө боюнча милдеттүү аткаруу төмөнкү учурларда камсыз кылынат:

1) бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча мөөнөтү кийинкиге жылдырылганда же өтүп кеткенде;

2) товарлар шарттуу чыгарылганда;

3) чет өлкөлүк товарларды ташууда жана (же) сактоодо;

4) бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзгөндө;

5) ушул Мыйзамда каралган башка учурларда.

3. Эгерде төлөөнүүгө жаткан бажы төлөмүнүн, туумдун жана пайыздын суммасы Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 85-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн суммадан ашпаса, бажы төлөмүн төлөөнү камсыз кылуу берилбейт.

4. Эгерде белгилүү бир мөөнөттө бир эле жак тарабынан бир канча бажы операциялары жүргүзүлсө, бажы органы бул операцияларды жүргүзүү үчүн бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылууну (генералдык камсыздоону) алууга милдеттүү. Бир нече бажы органдарында бажылык жол-жоболорду жүргүзүү үчүн бажы төлөмүн төлөөнү генералдык камсыз кылууну бажы органдарынын алуусунун шарттарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.

Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу аны төлөөгө жооптуу жак же кайсы болбосун башка жак тарабынан, бажы төлөмдөрүн төлөөгө жооптуу жактын пайдасына жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [194-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-194)  
Кийинки берене: [196-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-196)
