# 191-берене. Мөөнөттү кийинкиге жылдырууну жана бөлүп жиберүүнү берүү үчүн негиз

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 191-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-191

---

Ушул Мыйзамдын 190-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган бажы төлөмдөрүнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп жиберүү төмөнкү негиздердин бири болгон учурда бажы төлөмүн төлөөчүгө берилет:

1) бул жакка табигый кырсыктардын натыйжасында, технологиялык алаамат же ушул өңдүү ал жеткис күчтөр тарабынан зыян келтирилген учурда;

2) бул жак тарабынан аткарылган мамлекеттик тапшырыкка төлөө же мамлекеттик бюджеттен бул жакты каржылоо кечиктирилген учурда;

3) эгерде бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүп жаткан товар эрте бузула турган болсо;

4) жак тарабынан мамлекеттер аралык келишимдер боюнча жеткирүү жүргүзүлгөн учурда;

5) эгерде мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп жиберүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө келишимде каралса, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө долбоорду ишке ашыруунун алкагында жеткирүү жүргүзүлгөн учурда.

---

Мурунку берене: [190-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-190)  
Кийинки берене: [192-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-192)
