# 190-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтүн өзгөртүүнүн жалпы шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-190>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-190.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 190-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-190

---

1. Бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн арызы боюнча ушул Мыйзамдагы 40-главада каралган тартипте бажы төлөмүн төлөөнү камсыз кылуу шартында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы төлөмүн төлөөнүн мөөнөтүн төмөнкүдөй өзгөртө алат:

1) отуз күнгө чейин;

2) ушул Мыйзамдын 191-беренесинде аныкталган негиздер болгон учурда бир жүз сексен күнгө чейин.

2. Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүнө өзгөртүү киргизүү жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишим менен аныкталуучу шарттарда жана тартипте мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп жиберүү формасында жүргүзүлөт.

3. Мөөнөттү кийинкиге жылдыруу жана бөлүп жиберүү бажы төлөмдөрүнүн бир же бир канча түрү боюнча, ошондой эле, төлөөгө жаткан бардык суммага же анын бөлүгүнө карата берилиши мүмкүн.

4. Мөөнөттү кийинкиге жылдыруу жана бөлүп жиберүүнү берүү жөнүндө чечим бул тууралу арыз берилген күндөн он беш күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [189-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-189)  
Кийинки берене: [191-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-191)
