# 19-берене. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрге киргизүүнүн жана реестрден чыгаруунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 19-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-19

---

1. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрге киргизүү ушул Мыйзамдын 20-беренесинде каралган маалыматтарды камтыган жазуу жүзүндөгү арызды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жак тарабынан берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Арызга ушул Мыйзамдын 21-беренесинде каралган документтердин түп нускалары же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелет. Документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүнчү жактардан, ошондой эле мамлекеттик органдардан арыз берүүчү көрсөткөн маалыматтарды ырастаган документтерди сурап алууга укуктуу. Арыз каралгандан кийин, жактын талабы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз берүүчүгө ал берген документтердин түп нускаларын кайтарып берүүгө милдеттүү.

3. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими түрүндө, жазуу жүзүндө таризделет жана мындай реестрге киргизилгендиги жөнүндө акысыз негизде берилүүчү күбөлүк менен ырасталат.

Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзгөн жакты реестрге киргизүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алган чечим тиешелүү арызды берген жакка гана карата анык болот жана мөөнөтсүз болуп эсептелет.

4. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын реестринен чыгаруу тууралуу чечим ыйгарым укуктуу органга түшкөн, реестрге киргизүү жөнүндө күбөлүктү кайра артка алуу жөнүндө арыздын негизинде же ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-20)
