# 188-берене. Товарды чыгаруу менен байланышкан аракеттерди жасоо үчүн жыйымдар жана алдын ала чечимди кабыл алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-188>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-188.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 188-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-188

---

1. Товарды жана транспорттук каражаттарды чыгаруу менен байланышкан аракеттерди жасоо үчүн жыйымдар (мындан ары - бажы операциялары үчүн жыйымдар) төмөнкүдөй учурларда төлөнөт:

а) товарга жана транспорт каражатына тандап алынган бажылык жол-жобого ылайык товарды жана транспорттук каражаттарды чыгаруу менен байланышкан аракеттерди жасоодо;

б) бажы операцияларын жүргүзүүдө;

в) бажы органдары ушул Мыйзамдын 6-главасына ылайык алдын ала чечим кабыл алганда.

2. Товарлар катарында декларацияланган товарды жана транспорттук каражаттарды чыгарууга байланышкан аракеттерди жасоо үчүн бажы жыйымдары бажы операциялары үчүн бажылык нарктын 0,25 пайызы өлчөмүндө жана/же эсептик көрсөткүчтөр менен өндүрүп алынат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бажылык тариздөө үчүн бажы жыйымдарын төлөөнүн максималдуу жана/же минималдуу өлчөмү аныкталышы мүмкүн.

3. Товарларды жана транспорт каражаттарды декларациялоодо бажы операциялары үчүн төмөнкү учурларда жыйымдар төлөнбөйт:

1) бажы чек арасы аркылуу которуштурулуучу товарды чыгарууга байланышкан аракеттерди бекер жардам көрсөтүү (көмөк көрсөтүү) максатында жасоодо;

2) нумизматикалык максатта колдонууну кошпогондо, акциздик маркаларды жана валюталарды бажылык декларациялоодо;

3) мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосу билдирилгенде.

---

Мурунку берене: [187-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-187)  
Кийинки берене: [189-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-189)
