# 180-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнүн тартиби жана анын формалары

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-180>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-180.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 180-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-180

---

1. Жеке пайдалануу үчүн товарларга карата алып келүүдөгү бажы алымдарын кошпогондо, алып келүүдөгү бажы алымдары Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде аныкталган эсепке төлөнөт. Алып келүүдөгү бажы алымдары башка төлөмдөрдү төлөө эсептерине киргизилиши мүмкүн эмес.

2. Төлөөчүнүн каалоосу боюнча алып келүүдөгү бажы алымдары бажылык декларацияны бергенге чейин төлөнүшү мүмкүн. Бажылык декларацияны бергенге чейин төлөнгөн алып келүүдөгү бажы алымдарынын суммаларын тейлөө Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдеринин жоболорун эсепке алуу менен ушул Мыйзамдын 185-беренесинде каралган тартипте ишке ашырылат.

3. Бажы төлөмдөрүн төлөө тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

4. Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды жана салыктарды төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын бажы ишинин чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленет.

5. Эгерде Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, бажы төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын эсебине төлөнөт. Өзгөчө учурларда бажы төлөмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын бажы органынын кассасына төгүү жолу менен ишке ашырылат.

6. Бажы төлөмдөрүн, аванстык төлөмдөрдү, туумдарды, пайыздарды, айыппулдарды төлөө ушул Мыйзамга ылайык накталай акча каражаттарын кабыл алуу (берүү) мүмкүнчүлүгүн бербестен, электрондук төлөм каражаттарын (мындан ары - электрондук терминалдар) пайдалануу менен операцияларды жүргүзүүгө арналган түзүлүштөрдү колдонуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган төлөм терминалдары аркылуу же банкоматтар тартибинде жүргүзүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [179-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-179)  
Кийинки берене: [181-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-181)
