# 18-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү иш-аракеттин жалпы жоболору

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 18-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-18

---

1. Ата мекендик юридикалык жактардын убактылуу сактоо кампаларынын ээси, бажы кампаларынын ээси, алымсыз соода-сатык дүкөндөрүнүн ээси жана бажылык ташуучулар, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор жана бажылык өкүлдөр катары иш-аракет жүргүзүүсүнө алар убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине, бажы кампаларынын ээлеринин реестрине, алымсыз соода-сатык дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине, бажылык ташуучулардын реестрине, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине, бажылык өкүлдөрдүн реестрине киргизилген шартта жол берилет.

Эркин кампанын ээси катары иш-аракет жүргүзүүгө кызыкдар болгон юридикалык жактарды эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүүнүн тартиби жана шарттары, эркин кампанын ээсин мындай реестрден чыгаруунун негиздери жана мындай реестрден чыгаруунун тартиби, ошондой эле эркин кампанын ээси катары иш-аракетин токтото туруунун жана аны кайра жандандыруунун тартиби, эркин кампалардын ээлеринин реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракеттерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, ушул Мыйзамда аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө милдеттүү:

- бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерин туруктуу түрдө, кеминде үч айда бир жолу өзүнүн расмий басылмаларында жарыялап турууну камсыз кылууга;

- бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрин Бажы бирлигинин органына берүүгө.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-19)
