# 177-берене. Бажы төлөмдөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-177>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-177.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 177-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-177

---

1. Бажы төлөмдөрүнө жана салыктарына төмөнкүлөр кирет:

1) алып келүүдөгү бажы алымы;

2) алып кетүүдөгү бажы алымы;

3) Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып келүүдө алынуучу кошумча нарк салыгы;

4) Бажы бирлигинин аймагына товарларды алып келүүдө алынуучу (алына турган) акциз (акциздер);

5) бажы жыйымдары (товарларды чыгаруу менен байланышкан аракеттерди жасоо үчүн, бажы коштоосу үчүн бажы жыйымы, алдын ала чечим үчүн акы төлөө).

2. Бажы органдары алуучу атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдерине жана, эгерде ушул мыйзамда башкача белгиленбесе, алып келүүдөгү бажы алымдарын алуу үчүн ушул мыйзамда каралган тартипте, бажы ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынат.

3. Жеке пайдалануу үчүн жеке жактар алып өтүүчү товарларга карата ушул бөлүм Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 49-главасына жана Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.

---

Мурунку берене: [176-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-176)  
Кийинки берене: [178-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-178)
