# 176-берене. Жеке жактардын жеке колдонуу үчүн товарларды алып өтүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-176>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-176.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 176-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-176

---

1. Жеке жактардын жеке колдонуу үчүн товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүсү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгуусу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 49-главасына жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу жеке жактардын товарларды алып өтүүсү жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эл аралык келишимдерге ылайык жеке жактардын товарларды алып чыгуусу жана алып кирүүсү үчүн кошумча чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.

3. Бажы органдары жеке жактардын товарларды алып өтүүсүнүн эрежелери жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат, анын ичинде транспорт жана туристтик уюмдарда мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде түзүлгөн маалыматтык маалымдамаларды таратуу жолу менен, ошондой эле жеке жактар алып өтүүчү товарларга карата бажы операциялары жүргүзүлүүчү жерлерде маалыматтык стенддерди жабдуу жолу менен камсыздайт.

4. Коштолбогон багажда алынып өтүлүүчү же болбосо ташуучу жеткире турган жеке пайдалануу үчүн товарлардын бажылык декларациясын берүү мындай товарлар турган бажы органына жүргүзүлөт же болбосо мындай товарлар кайда жеткирилгендигине карабастан жеке жак дайыма же убактылуу жашаган региондогу бажы органына декларанттын тандоосу боюнча берилет.

5. Жеке пайдалануу үчүн товарларга карата бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө негиз болуучу бажылык түшүрмө ордеринин бланктары так отчеттуулук бланктары болуп саналат.

---

Мурунку берене: [175-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-175)  
Кийинки берене: [177-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-177)
