# 175-берене. Эл аралык ташуунун транспорт каражаттары катары шарттуу чыгарылган транспорт каражаттарын колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 175-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-175

---

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 279-беренесинин 5-пунктуна, 345-беренесинин 4-пунктуна ылайык Бажы бирлигинин бажы аймагына убактылуу алып кирүүнүн (киргизүүнүн) бажылык жол-жобосуна ылайык алып келинген транспорт каражаттарын, ошондой эле Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 200-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык шарттуу чыгарылган товарлар болуп эсептелген башка транспорт каражаттарын, анын ичинде Бажы бирлигинин бажы аймагына эркин бажы зонасынын бажылык жол-жобосуна ылайык эл аралык ташуулардын транспорт каражаттары катары киргизилген транспорт каражаттарын Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 48-главасында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагынан убактылуу ташып чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын аймагына кайра алып киргизүү аркылуу колдонууга жол берилет.

2. Жүктөрдү жүктөө, түшүрүү, тазалоо жана коргоо же жүргүнчүлөрдү жана (же) кол жүктү тейлөө үчүн арналган атайын жабдууларга карата жана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын оңдоодо, техникалык тейлөөдө жана колдонууда пайдаланууга арналган запастык бөлүктөргө карата, ошондой эле ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарына жүргүзүлгөн оңдоонун алкагында алмаштыруунун натыйжасында алардан чыгарылып алынган запастык бөлүктөргө жана жабдууларга карата Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 48-главасынын жана ушул Мыйзамдын ушул главасынын жоболору колдонулат.

---

Мурунку берене: [174-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-174)  
Кийинки берене: [176-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-176)
