# 173-берене. Электр берүү линиялары аркылуу өткөрүлүүчү товарларды алып кирүүдө жана алып чыгууда декларациялоонун жана бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-173>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-173.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 173-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-173

---

1. Электр энергиясынын ташылып кирген, ташылып чыккан иш жүзүндөгү саны жана (же) анын ар бир календардык ай үчүн мамлекеттер аралык электр берүү линиялары боюнча карама-каршы багыттардагы электр энергиясынын агымдарынын алгебралык суммасы катарындагы сальдо-агымы декларацияланууга жатат. Бажылык декларацияда (бажылык декларацияларда) ташылып кирген жана ташылып чыккан электр энергиясынын саны ар бир календардык ай үчүн электр энергиясынын сальдо-агымы катары (электр тарамдарында электр энергиясынын жиберилүүсүндө болгон жоготуулардын чоңдугуна түзөтүлгөн чыңалуунун бардык класстарындагы электр берүүлөрдүн иштеп турган мамлекеттер аралык бардык линиялары боюнча карама-каршы багыттардагы электр энергиясынын агымдарынын алгебралык суммасы) же электр тарамдарындагы жоготууларга электр энергиясын жиберүүдө болгон чоңдукка түзөтүлгөн, өзүнчө иш жүзүндө ташылып кирген жана ташылып чыккан электр энергиясынын саны көрсөтүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 339-беренесинин 2-пунктуна ылайык энергетика тутумдарынын параллель иштөөсүнүн шарттарында, Бажы бирлигинин бажы аймагы аркылуу электр берүү линиялары боюнча электр энергиясын алып өтүүдө бажы органына берилүүгө тийиш болгон маалыматтардын тизмегин белгилейт.

3. Электр берүү линиялары боюнча алып өтүлүүчү, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып кирүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгарылуучу товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөө ушул Мыйзамдын VI бөлүмүндө белгиленген эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [172-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-172)  
Кийинки берене: [174-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-174)
