# 170-берене. Маалымат берүү. Сынамыктарды жана үлгүлөрдү алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-170>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-170.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 170-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-170

---

1. Бажы органы арыз берүүчүгө жана декларация берүүчүгө, чыгарууну токтото туруу тууралуу чечим кабыл алынган товарлар контрафакттык же андай эмес товар экенин аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматты берет.

2. Арыз берүүчү жана декларация берүүчү алган маалымат ушул беренеге ылайык купуя болот жана алар тарабынан жарыяланбашы, үчүнчү жакка, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик органга, берилбеши керек.

3. Бажы органынын уруксаты менен арыз берүүчү жана декларация берүүчү же алардын өкүлдөрү бажы контролу астында чыгарууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган товарлардан сынамыктарды жана үлгүлөрдү ала алат жана буларга изилдөө жүргүзө алат.

---

Мурунку берене: [169-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-169)  
Кийинки берене: [171-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-171)
