# 17-берене. Бажы ишинин маселелери жана Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча консультация берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 17-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-17

---

1. Кыргыз Республикасынын бажы органдары бажы ишинин маселелери жана бул органдардын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте консультация берет.

Бажы ишинин кызыкдар жак тарабынан коюлган маселелери боюнча маалыматтар мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө берилет.

2. Кыргыз Республикасынын бажы органдары консультацияларды оозеки жана жазуу жүзүндө акысыз берет.

3. Консультация өткөрүүдө кызыкдар адамдарга берилген маалыматтар товарларга жана транспорттук каражаттарга карата бажылык операциялар жүргүзүлгөндө Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын чечим кабыл алуусу же аракеттерди жасоосу үчүн негиз болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-18)
