# 164-берене. Бажы органдарынын жана почта уюмдарынын өз ара аракеттениши

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-164>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-164.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 164-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-164

---

1. Эл аралык почталык жөнөтүмдөрдө камтылган товарларды бажылык тариздөөнү тездетүү жана бажы контролунун натыйжалуулугунун жогорулатуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган өз ара аракеттешүү жөнүндө тиешелүү макулдашууну түзөт.

Аталган макулдашууда мамлекеттик почта байланышынын уюму бажы органдарынын контролунун астында бул органдардын айрым функцияларын аткарган учурлар каралышы мүмкүн.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бажы бирлигинин бажы аймагына товарларды алып келүү жана аларды бул аймактан алып кетүү эрежелеринин эл аралык почта жөнөтүмдөрүн которуштурууга тийиштүү бөлүгү тууралуу почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу органга өз убагында билдирет.

---

Мурунку берене: [163-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-163)  
Кийинки берене: [165-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-165)
