# 163-берене. Эл аралык почталык жөнөтүмдөр менен жиберилүүчү товарларга карата бажы операцияларынын өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 163-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-163

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө же ал аймактан алып кетүүгө чек коюлган товарларга карата товар алуучулар же жиберүүчүлөр же болбосо алардын атынан аракеттенген жактар бажылык тариздөөдө зарыл уруксаттарды, лицензияларды, сертификаттарды көрсөтүүгө милдеттүү.

2. Эл аралык почталык жөнөтүмдөрү менен жиберүүгө тыюу салынган жана чек коюлган товарларды алып коюу, ошондой эле аларды тескөө бажы органдары тарабынан ушул Мыйзамга ылайык, ал эми аны менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө - кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт.

3. Эл аралык почталык жөнөтүмдөр менен жиберүүдө товарларды бажылык тариздөө артыкчылыктуу тартипте жана кыска мөөнөттө жүргүзүлөт. Бажылык тариздөөнүн конкреттүү мөөнөттөрү почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

4. Өзүнчө бажылык декларация бериле турган товарларды бажылык тариздөө почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте, товар алуучу же жиберүүчү турган аймактагы бажы органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Эл аралык почталык жөнөтүмдөр менен Бажы бирлигинин бажы аймагынын чегинен сырткары алынып кетүүчү, өзүнчө бажылык декларация бериле турган товарларды бажылык тариздөө товарларды жиберүү үчүн почта байланышынын уюмдарына бергенге чейин, жиберүүчүлөр же алардын атынан аракеттенген жактар тарабынан жүргүзүлөт.

6. Эл аралык почталык жөнөтүмдөр менен Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү товарларга карата бажы жыйымдарын, салыктарын колдонуу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 316-беренесинде аныкталган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

7. Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзит менен которуштурулуучу эл аралык почталык жөнөтүмдөрдү бажылык декларациялоо жүргүзүлбөйт.

---

Мурунку берене: [162-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-162)  
Кийинки берене: [164-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-164)
