# 162-берене. Эл аралык почталык жөнөтүмдөр

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-162>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-162.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 162-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-162

---

1. Товарларды эл аралык почталык жөнөтүмдөр менен Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүү Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 44-главага жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Эл аралык почталык жөнөтүмдөр менен жиберилүүчү товарларга карата бажы операциялары эл аралык почта алмашуу жерлеринде же бажы органы тарабынан аныкталган башка жерлерде жүргүзүлөт. Почта байланышынын объекттери болуп саналган эл аралык почта алмашуу жерлери почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен бирдикте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [161-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-161)  
Кийинки берене: [163-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-163)
