# 150-берене. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээсинин милдеттери жана жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 150-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-150

---

1. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) сатуу үчүн алымсыз соода дүкөнүнө келген товарларды бажы контролун кыйгап алып коюу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого;

2) келип түшкөн жана сатып өткөрүлгөн товарлардын эсебин жүргүзүүгө;

3) келип түшкөн жана сатып өткөрүлгөн товарлардын отчетун бажы органдарына берүүгө;

4) ушул берененин 2-пунктунда каралган учурларда бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө;

5) Кыргыз Республикасынын соода чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоого.

2. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси чет өлкөлүк товарлар жоголгон учурда же болбосо аларды ушул главада белгиленген талаптарга жана шарттарга ылайык, алымсыз соода дүкөнүндө жеке жактарга чекене сатуудан башка максаттарда пайдаланган учурда бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [149-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-149)  
Кийинки берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-151)
