# 149-берене. Алымсыз соода дүкөнүнүн турган ордуна, ыңгайлаштырылуусуна жана жабдылышына карата талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июня 2017 года № 99 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111610)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436#diff=947645..947646>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-149>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-149.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 149-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-149

---

1. Алым төлөөсүз соода дүкөнү соода залдарынан, көмөкчү орун-жайлардан, кампалардан турушу мүмкүн.

Аталган орун-жайлар товарларды сатуу алымсыз соода дүкөнүнүн соода залдарында гана жүргүзүүнү, ошондой эле товарлардын сакталышын жана аларга карата бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгандай таризде жабдылууга тийиш.

2. Алымсыз соода дүкөнүнүн соода залдары алымсыз соода дүкөнүндө сатып алган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында калтыруу, анын ичинде аларды ошол аймакта калган жеке жактарга берүү жолу менен калтыруу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылгандай таризде жайгаштырылууга тийиш.

3. Алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн өткөрмө пункттарда жайгашкан орду анын ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын карамагында турган мамлекеттик органдар менен макулдашылууга тийиш. Башка жерлердеги алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн жайгашкан орду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.

4. Алымсыз соода дүкөнүнүн орун-жайы бажы контролунун зонасы болуп саналат.

5. Алымсыз соода-сатык дүкөнүн ыңгайлаштыруу жана жабдуу боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [148-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-148)  
Кийинки берене: [150-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-150)
