# 148-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июня 2017 года № 99 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111610)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436#diff=947645..947646>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-148>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-148.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 148-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-148

---

1. Алымсыз сооданын бажылык жол-жобосунун мазмуну, товарларды алымсыз сооданын бажылык жол-жобосуна жайгаштыруунун шарттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 302 жана 303-беренелеринде аныкталган.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттардагы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган башка жерлердеги алымсыз соода жүргүзүү дүкөндөрүндө товарларды сатуу бажы контролу алдында жүргүзүлөт.

3. Товарлар алымсыз соода жүргүзүүнүн бажылык жол-жобосуна жайгаштырылганда ички салыктарды, ошондой эле алып келүүдөгү бажы алымдарынын, салыктардын мурда төлөнгөн суммаларын кайтарып берүү жүргүзүлбөйт.

4. Алымсыз соода-сатык дүкөндөрүнүн иштөө тартиби жана аталган дүкөндөрдө товарларды сатуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [147-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-147)  
Кийинки берене: [149-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-149)
