# 143-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-143>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-143.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 143-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-143

---

1. Реэкспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруунун мазмуну, товарларды бажылык жол-жобого жайгаштыруунун шарттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 296 жана 297-беренелеринде аныкталган.

2. Мурда ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосунда турган товарларды реэкспорттун жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн декларант бажы органына Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 299-беренесинде каралган документтер менен маалыматтарды берет.

3. Эгерде реэкспортто алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн бошотуу же төлөнгөн суммаларды кайра кайтаруу товарлар Кыргыз Республикасынын аймагында турганда колдонулган белгилүү бир бажылык жол-жоболордо шарттарында каралган болсо, мындай бошотуу берилет же кайра кайтаруу жүргүзүлөт.

4. Түздөн-түз жана жалаң гана реэкспорт үчүн арналган товар катары билдирилген товарларга карата бажы алымдары жана салыктары төлөнбөйт. Товарларды алты айлык мөөнөттүн ичинде иш жүзүндө алып кетүү жүргүзүлбөгөндө, же болбосо товарлар пайдаланылганда, анын ичинде киреше алуу максаттарында пайдаланылганда бажы алымдары, салыктары төлөнөт, аларды төлөтүп алуу товарларды алып келгенде алар ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосуна билдирилгенде төлөнгөндөй жүргүзүлөт. Ошондой эле алардан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу коюмдары боюнча пайыздар алынат, аларды алуу товарларды реэкспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырганда көрсөтүлгөн суммаларга карата кийинки калтырылганда алынгандан жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-142)  
Кийинки берене: [144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-144)
