# 13-берене. Маалыматты, маалыматтык процесстерге жана маалыматташтырууга катышкан субъекттердин укуктарын коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 13-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-13

---

1. Маалыматты, маалыматтык процесстерге жана маалыматташтырууга катышкан субъекттердин укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Коргоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте сертификатталууга тийиш болгон маалыматтык тутумдардын жана маалыматтык технологиялардын камсыздоо каражаттары менен шайкеш келген маалымат коргоонун атайын программалык-техникалык каражаттарын киргизүү жана пайдалануу менен камсыз кылынат.

2. Маалымат коргоо каражаты менен камсыздалган маалымат коргоонун деңгээли маалыматтын категориясына шайкеш келүүгө тийиш. Маалымат коргоо деңгээлинин белгилүү бир категорияга шайкеш келишин Кыргыз Республикасынын карамагында маалымат ресурстары болгон бажы органдары камсыз кылат.

3. Маалымат коргоого жана маалымат коргоо каражаттарын иштетүүгө карата талаптардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-14)
