# 129-берене. Товарларды убактылуу алып келүү мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 129-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-129

---

1. Товарларды убактылуу алып келүү (уруксат кылуу ) мөөнөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 280-беренесинде белгиленген мөөнөттүн чегинде, мындай алып келүүнүн максаттарына жана милдеттерине жараша бажы органы тарабынан декларанттын арызынын негизинде белгиленет.

2. Декларанттын жүйөлөнгөн арызы боюнча убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун) ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн чегинде узартылышы мүмкүн.

3. Бажы органы он жумуш күндүн ичинде убактылуу алып келүүнүн мөөнөтүн узартуу тууралуу арызды карап чыгат жана декларантка мөөнөттү узартуу же узартуудан баш тартуу тууралуу билдирет. Декларант убактылуу алып келүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуунун Кыргыз Республикасынын бажы ишинин чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарын жана шарттарын сактабаган учурда гана бажы органы убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун) мөөнөтүн узартуудан баш тартууга укуктуу.

4. Убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун) мөөнөтүн узартуудан бажы органынын баш тартуусу негиздүү жана жүйөлүү болууга тийиш. Бажы органы декларантка жазуу жүзүндө көрсөтүлгөн баш тартуу тууралуу кабарлайт.

---

Мурунку берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-128)  
Кийинки берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-130)
