# 123-берене. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонууда товарларды эсепке алуу. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуу тууралуу отчеттуулук

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 123-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-123

---

1. Декларант, ошондой эле ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу астында жайгаштырылган товарларды кайра иштетүүнү жүзөгө ашырган жактар товарлардын эсебин жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Товарлардын эсеби бухгалтердик жана салык эсебин жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

3. Эгерде товарларды кайра иштетүүнүн мөөнөтүндө бир эле чет өлкөлүк товарлар бир нече товардык партиялар менен киргизиле турган болсо, бажылык максаттар үчүн мындай товарларды эсепке алуу бир кыйла эрте мөөнөттө алынып келинген товарлар аларды кайра иштетүү үчүн биринчи болуп пайдаланылат деген божомолго таянуу менен жүргүзүлөт.

4. Эгерде чет элдик товарларды кайра иштетүүнүн продуктуларында аларды идентификациялоонун кайра иштетүүгө берилген уруксатта белгиленген ыкмасын колдонуу конкреттүү чет өлкөлүк товарды пайдалануу менен даярдалган кайра иштетүү продуктусуна ушул чет өлкөлүк товарды салыштырып кароонун зарылдыгына алып келсе, ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган эрежелер колдонулбайт. Эгерде бухгалтердик эсептин декларант колдонгон усулдарына туура келбесе, ал бул эрежени колдонуудан баш тартууга укуктуу.

5. Товарлардын декларанты ушул Мыйзамдын 260-беренесине ылайык, ички керектөө үчүн бажылык жол-жобону колдонуунун талаптарын жана шарттарын аткаруу тууралуу маалыматты камтыган отчетту кеминде үч айда бир жолу бажы органына берет.

6. Эгерде кайра иштетүү продуктулары Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары бир нече партия менен чыгарыла турган болсо, бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат берүүдө көрсөтүлгөн кайра иштетүү продуктуларынын санына биротоло салыштырып кароо кайра иштетүү продукттарын алып кетилгенден кийин мезгил-мезгили менен, бирок кеминде үч айда бир жолу жана товарлардын акыркы партиясы алып кетилген күндөн тартып отуз күндүн ичинде жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-122)  
Кийинки берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-124)
