# 122-берене. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн продуктуларынын иштелип чыгуу ченемдери

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 122-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-122

---

1. Иштелип чыгуу ченемин (товарлардын белгилүү бир санын кайра иштетүүнүн жыйынтыгында пайда болгон кайра иштетүү продуктуларынын саны же пайыздык мазмуну) ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө уруксатты алган адам белгилейт жана ал жүзөгө ашырылуучу иш жүзүндөгү шарттарды эсепке алып, бажы органы менен макулдашылат.

2. Кайра иштетүү продуктуларынын сыпатталышы, сапаты жана саны иштелип чыгуу ченеми белгиленгенден же макулдашылгандан кийин аныкталат.

3. Кайра иштетүү боюнча операция иш жүзүндө туруктуу мүнөзгө ээ болгон товарларга карата адатта так аныкталган техникалык шарттарга ылайык жүргүзүлгөн жана өзгөрбөс сапаттагы кайра иштетүү продуктуларынын иштелип чыгышына алып келген учурларда бажы органы иштелип чыгуунун стандарттык ченемин белгилейт.

4. Иштелип чыгуу ченемин белгилөөдө бажы органдары эксперттик уюмдардын кайра иштетүүнүн айкын технологиялык процесстерине негизделген корутундуларын эсепке алат.

---

Мурунку берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-121)  
Кийинки берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-123)
