# 120-берене. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө уруксат берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 120-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-120

---

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 265 жана 269-беренелеринде каралган, ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө документ болуп ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксат эсептелет. Ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксатта Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 269-беренесинде белгиленген маалыматтар көрсөтүлөт.

2. Эгерде товарларды ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ички керектөө үчүн кайра иштетүү жол-жобосу астында жайгаштырса, ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн шарттары тууралуу документ катары, ушул Мыйзамдын 234-беренесине ылайык кол коюлган, ыйгарым укуктуу экономикалык оператор жана Кыргыз Республикасынын бажы органы ортосундагы макулдашуу колдонулушу мүмкүн, мында бул макулдашууда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган маалыматтардын камтылышы шарт болуп саналат.

3. Ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксатты берүүнүн, Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 269-беренесинде каралган маалыматтарды жана документтерди берүүнүн тартиби, ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксатты кайра артка алуунун тартиби жана анын формасы, ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксатты жокко чыгаруунун тартиби жана анын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-119)  
Кийинки берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-121)
