# 12-берене. Маалыматтык ресурстарды пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 12-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-12

---

1. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын карамагындагы маалыматтык ресурстар, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык маалыматты алуу чектелген учурларды кошпогондо, ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.

2. Маалыматка жеткиликтүүлүк чектелбеген учурларда жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аны Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык ресурстарынан алууга укуктуу жана алардан суралып жаткан маалыматтарды алуунун зарылдыгын негиздөөгө милдеттүү эмес.

3. Жактардын Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын карамагындагы маалыматтык ресурстардан маалыматтарды алуунун тартиби, аны алуунун орду, убактысы, негиздери жана шарттары ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын карамагындагы жана коммерциялык, банктык же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырды камтыган маалыматтар базасына жетүү укугу терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте берилет.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-13)
