# 119-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 119-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-119

---

1. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосунун мазмуну, товарларды бажылык жол-жобо астында жайгаштыруу шарттары, ички керектөө үчүн кайра иштетүү операциялары, ошондой эле ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн мөөнөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 264-266, 268-беренелерине ылайык аныкталган.

2. Товарларды ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу астында жайгаштыруу үчүн бажылык декларация товарларды ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө уруксат алган жак тарабынан берилет.

3. Кайра иштетүү продуктуларындагы товарларды идентификациялоо максатында Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн ыкмалар колдонулат.

4. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн мөөнөтүн белгилөөнүн жана узартуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

5. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө жол берилүүчү товарлардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

---

Мурунку берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-118)  
Кийинки берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-120)
