# 117-берене. Кайра иштетүү продуктуларын ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосу астында жайгаштыруунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 117-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-117

---

1. Кайра иштетүү продуктуларын ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосу астында жайгаштыруу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 262-беренесинде каралган өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу менен ишке ашырылат.

2. Эгерде кайра иштетүүнүн максаты алып кетилген товарларды кепилдиктүү (акысыз) оңдоо болсо, кайра иштетүү продуктулары бажы алымдарын жана салыктарын төлөөдөн толук бошотулат. Эгерде эркин керектөөгө чыгарууда оңдоп-түзөөнүн себеби болгон кемчиликтер эске алынса, ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосу астында мурда жайгаштырылган товарлар бажы алымдарын жана салыктарын төлөөдөн толук бошотулбайт.

3. Калган учурларда кайра иштетүү продуктуларына карата, акциздерди кошпогондо, ушул беренеге ылайык бажы алымдарын жана салыктарын төлөөдөн жарым-жартылай бошотуу берилет:

1) бажы алымдарынын жана салыктарынын комбинацияланган же адвалордук коюмун колдонууда бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасын чегерүүгө негиз болуп, жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген кайра иштетүү товарларынын бажылык наркынын жана кайра иштетүүгө алып кетилген товарлардын бажылык наркынын ортосундагы айырма катары аныкталуучу, товарларды кайра иштетүү боюнча операциялардын наркы эсептелет. Бажы алымдарынын жана салыктарынын өзгөчөлүү коюмун колдонууда бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасын чегерүүгө негиз болуп, кайра иштетүү боюнча операциянын наркына пропорциялуу түрдө туура келген кайра иштетүү продуктуларынын саны эсептелет. Бажы алымдарынын жана салыктардын суммасын эсептөө максатында товарлардын санын аныктоонун усулдамасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү нускама менен аныкталат;

2) кайра иштетүү продуктуларына карата акциздер, алып кетилген товарларды оңдоо кайра иштетүү операциясы болуп саналган учурларды кошпогондо, толук көлөмдө төлөнүүгө жатат. Көрсөтүлгөн учурда акциздер ушул бөлүктүн экинчи абзацында каралган тартипте эсептелет.

---

Мурунку берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-116)  
Кийинки берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-118)
