# 112-берене. Бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүдө продуктулардын иштелип чыгуу ченемдери

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 112-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-112

---

1. Иштелип чыгуу ченемдери (белгилүү сандагы товарларды кайра иштетүүнүн жыйынтыгында алынган кайра иштетүү продуктуларынын саны жана пайыздык мазмуну) бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган жак тарабынан белгиленет жана ал ишке ашырылган иш жүзүндөгү шарттарды эске алып, Кыргыз Республикасынын бажы органы менен макулдашылат.

2. Кайра иштетүү продуктуларынын сыпатталышы, саны жана сапаты иштелип чыгуу ченемдери белгиленгенден жана макулдашылгандан кийин аныкталат.

3. Иш жүзүндө туруктуу мүнөздөмөгө ээ болгон товарларга карата кайра иштетүү боюнча операциялар адатта так аныкталган техникалык шарттарга ылайык ишке ашырылган жана өзгөрбөс сапаттагы кайра иштетүү продуктулары чыгарылган учурларда бажы органы стандарттуу иштелип чыгуу ченемдерин белгилейт.

4. Иштелип чыгуу ченемдери Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан белгиленгенде эксперттик уюмдардын кайра иштетүүнүн конкреттүү технологиялык процессине негизделген корутундулары эсепке алынат.

---

Мурунку берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-111)  
Кийинки берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-113)
