# 111-берене. Товарларды бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүгө уруксат берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-111>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-111.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 111-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-111

---

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 253 жана 257-беренелеринде каралган, бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө документ болуп, бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүүгө берилген уруксат эсептелет. Товарларды бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүгө уруксат берүүдө Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 257-беренесинде белгиленген маалыматтар көрсөтүлөт.

2. Товарларды бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүгө уруксат берүүнүн, Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 257-беренесинде көрсөтүлгөн документтерди жана маалыматтарды берүүнүн, товарларды бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүгө берилген уруксатты кайра артка алуунун тартиби жана анын формасы, бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүүгө берилген уруксатты жокко чыгаруунун тартиби жана анын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-110)  
Кийинки берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-112)
