# 110-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 110-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-110

---

1. Бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосунун мазмуну, бажылык жол-жобого товарларды жайгаштыруунун шарттары, бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүү операциялары, ошондой эле бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн мөөнөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 252, 253, 254, 256-беренелеринде аныкталган.

2. Товарларды бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн бажылык декларацияны бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган жак берет.

3. Товарларды кайра иштетүүнүн продуктуларында товарларды идентификациялоо максатында Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 255-беренесинде көрсөтүлгөн ыкмалар колдонулат.

4. Бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүүнүн мөөнөтүн белгилөөнүн жана узартуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

5. Товарларды бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна ылайык товарларды алып кетүүдө төлөмдөн бошотуу, кайтаруу же ички салыктардын ордун толтуруу жүргүзүлбөйт.

---

Мурунку берене: [109-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-109)  
Кийинки берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-111)
