# 11-берене. Бажы органдарынын маалыматтык ресурстары

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 11-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-11

---

1. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык ресурстары бажы операцияларын жүргүзүүдө берилүүчү документтерден жана маалыматтардан, ошондой эле аларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерден түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык ресурстары деп документтештирилген маалыматтын уюштурулган жыйындысы түшүнүлөт, ал өзүндө Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык тутумдарында түзүлүүчү, кайра иштетилүүчү жана топтолуучу дайындар базасын жана башка маалымат массивдерин камтыйт.

2. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык ресурстары мамлекеттик менчик болуп саналат, Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мүлкүнүн курамына киргизилет жана бул органдардын компетенциясына ылайык алардын карамагында болот.

3. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык ресурстарынын укуктук режими, анын ичинде маалыматты документтештирүүнүн тартиби, аларды түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган учурларда, берилиши ушул Мыйзамда же ал аныктаган тартипте каралган документтер, анын ичинде бажылык декларация маалымат алмашуунун электрондук ыкмалары аркылуу, аларды документтештирүү жөнүндө талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка талаптарды сактоо менен берилиши мүмкүн.

5. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын маалымат, маалыматташтыруу жана маалыматты коргоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда документтештирилген маалыматты милдеттүү түрдө берүүнүн негизинде мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүү учурларына карата жайылтылбайт.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-12)
