# 105-берене. Эквиваленттүү товарлар менен алмаштыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 105-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-105

---

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 248-беренесине ылайык, бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизилген чет өлкөлүк товарларды эквиваленттүү товарлар менен алмаштырууга Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксаты менен жол берилет. Эквиваленттүү компенсацияны колдонууга уруксат кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органы бажы аймагында товарларды иштетүүгө берилген уруксатта көрсөтөт.

2. Эгерде чет өлкөлүк товарларды эквиваленттүү товарлар менен алмаштырууга уруксат берилсе, Бажы бирлигинин бажы аймагына чет өлкөлүк товарларды алып келгенге чейин, эквиваленттүү товарлардан алынган кайра иштетүү продуктуларын алып кетүүгө жол берилет, бул тууралуу бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө берилген уруксатта көрсөтүлөт. Мында чет өлкөлүк товарларды алып келүү үчүн мөөнөт бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган (алуучу) жак тарабынан, Кыргыз Республикасынын бажы органы менен макулдашуу боюнча аныкталат.

3. Товарлардын айрым категорияларына карата эквиваленттик компенсацияны колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-104)  
Кийинки берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-106)
